kantrium.com | Finland | InoTour.com | Helsinki

                              

«РАМАЗАН БАШТЫКЧАСЫ» 2015 — КАЙРЫМДУУЛУК АКЦИЯСЫ
Ишемби , 05 Бештин айы 2015

«Ак Жоолук Ажары» коомдук кайрымдуулук аялдар фонду тарабынан 2015-жылдын берекелүү Рамазан айына карата жыл сайын өткөзүлүп туруучу «Рамазан Баштыкчасы» акциясы уюштурулду. Бул акциянын өзгөчөлүгү болуп, буга чейин мындай иш — чаралар башка чет элдик мусулман бир туугандардын демөөрчүлүгү менен уюштурулуп келсе, мында өзүбүздүн жергиликтүү байке — эжелерибиз демөөрчүлүк кылып акцияны уюштурууга чоӊ колдоо көрсөтүштү жана бул иш чара жыл сайын уланып туруучу акцияга айланды. Акцияга жалпысынан 400 азык-түлүк кутучалары даярдалып, ар биринин баасы 1000 сомдун тегериндеги сумманы түздү. Баштыкчаны коомубуздагы муктаж үй-бүлөлөргө жана майып жарандарыбыздын үйлөрүнө алып барып берилди.

Бизге көмөктөшкөн Орто Азия жаштар коомунун жетекчилигине, «Зеленый Колос» коомдук фонду, «Кыргызстан Адал Индустриясын Өнүктүрүү Борборуна», Компания «Kav&Kev», «Айхан» чайы, ЖЧК «Шайтуу» кондитердик азыктарды өндүрүү ишканасы, «Gym and Roll» БСКК, «Хузур» кафеси, Катар мамлекетинин кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчилигине жана жалпы ушул ишчараны уюштурууга колдоо көрсөткөн биздин өнөктөштөргө, байкелерге, эжелерге тереӊ ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин колдооӊуздар менен коомубуздагы жардамга муктаж замандаштарыбызга көӊүл бурулуп, Улуу Рамазан айында алардын көӊүлүн көтөрүүгө себепчи болдуӊуздар. Жараткан Аллах Сиздерден ыраазы болуп, иштериӊиздерге, дастарконуӊуздарга берекесин бере берсин».

Айжан Орозбаева, «Ак Жоолук Ажары» коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси.ппппппп

Снимок3Снимок4

Снимок5Снимок6Снимок7

Пикириңизди калтырыңыз

Security code
Жаңыла