20.07.2014
Бир ай убакытта алган таалим-тарбиясын, үйрөнгөн өнөрлөрүн кыздарыбыз коштошуу кечесинде ата-энелерге тартуулашты жана баарына грамота, белектер ыйгарылды.
Эсте калаарлык болгон күндөрүбүзбүн дагы бир бөлүгү менен коштошуу убактысы да келип жетти. Аз убакыт ичинде болсо да бир үй-бүлөдөй болуп, бири-биринин мээримине болонгон кыздарыбыз, жетекчилерибиз көз жашсыз коштошо алышкан жок.