kantrium.com | Finland | InoTour.com | Helsinki

                              

КЫЗДАРДЫН КҮЗГҮ ЖОЛУГУШУУСУ
Ишемби , 05 Бештин айы 2015

21.11.2015. «Ак Жоолук Ажары» коомдук аялдар кайрымдуулук фонду кыздардын сырдашуу кечесин 21-ноябрь күнү Бишкек шаарындагы студент кыздар үчүн уюштурду. Иш чарага борборубуздагы баардык Жогорку Окуу Жайларынын студент кыздарынан өкүлдөр катышты.

Негизги максаты студент кыздарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү, проблемаларды биргелешип талкуулоо жана жыйынтык чыгаруу болду.

Иш-чарада кыргыздын белгилүү кыздары сөз сүйлөп, студенттерге өздөрүнүн кеп-кеӊештерин айтты.  Коомдук ишмер Перизат Суранова  кыздардагы лидерликти, активдүүлүктү өнүктүрүү, билимдүү болуу тууралуу сөз сүйлөдү.

Атактуу ырчы эжебиз Сонунбүбү Кадырова жашоодогу өз тажрыйбасын бөлүшүп, алтындай кеӊештерин берди. Кыздар үчүн үй-бүлөлүк жашоого  тете бакыт жок экенине да басым жасады.

Кыргыздын чыгаан уулу Улукбек Кочкоровдун жубайы үй-бүлөлү баалуулуктар, кыздар үчүн үй-бүлөнүн мааниси жөнүндө айтып берди.

Белгилүү дерматокосметолог Айнура Сагынбаева сулуулуктун сырлары, сулуулукка кам көрүү тууралуу кеӊештерин берди.  

Иш-чара андан ары концерт менен уланып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды. Айрыкча, конокторго чакыруу билеттери аркылуу лотерея ойнотулду.  Утушка ээ болгондорго демөөрчүлөрүбүз болгон KAV & KEV фирмасынын атайын даярдап берген белектер топтому,  Шайту фирмасынан торттор, Доктор Шер  фирмасынан суусундуктар, Рахат белекке берилди. 

 Ал арада санаалаштарыбызга даам сунуп, чакан кофе-брейк уюштурулду.

Андан ары Мастер-класстар өткөрүлүп, ар бир иштин адиси кыздар үчүн өздөрүнүн өнөрлөрүн үйрөтүштү.

Чыгыш элдериндеги мехенди коюу, чач жасалгалоо, жоолук салынуу, дасторконду жасалгалоо, бетти сулуулоо боюнча студент кыздар өздөрүнө керектүү маалыматтарды алууга шарт түзүлдү.

ззззз4

ззззззз5ззззз4

ззз4

ззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззз

ззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззз

ззззззззззззззззззззззззззззззззззззззз

зззззззззззззззззззззззззззззззззззззззз

зззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззз

ззззззззззззз

зззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззззз

зззззззззззззззззззззззз

 

ззззззззззззззззззззззззз

ззззззззззззззз

зззз

зз

 

 

 

 

Пикириңизди калтырыңыз

Security code
Жаңыла