«Ийгиликтүү болом десең…» аттуу мастер класс форматындагы экинчи жолугушууну Ж. Баласагын атындагы КУУде өткөрүп алдык.
Программада тааныштырып өткөндөй Кыргызстандагы ар тараптан ийгилик жараткан айымдарыбыз ийгилик сырлары менен бөлүшүп кайтышты.
Андан тышкары, сулуулулук ,туура жашоо образы , стиль , аш кана этикети, карвинг боюнча мастер класстар практика жүзүндө көрсөтүлдү.
Иш-чарага салымын кошкон Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарбия иштери жана жаштар саясаты боюнча департаментин ыраазычылык билдиребиз
“Ийгиликтүү болом десең...” мастер классы дагы да улана бермекчи. Кыргызстаныбыздагы ар бир айым ийгиликтүү болуп, өнүгүп, өсө берсин!