kantrium.com | Finland | InoTour.com | Helsinki

                              

Асылбек Жоодонбеков:«Балдарды тарбиялоодо эксперимент жүргүзүүгө болбойт».(Семинар)
Дүйшөмбү , 03 Чын Куран 2017

«Ак Жоолук Ажары» ККАФ жыл сайын ар кайсы тематикада  семинарларын өткөзүп келет. Быйыл да 1-апрель күнү М. Кашкари атындагы Чыгыш университетинде «Балдарды туура тарбиялоо» семинары 3 лектордун катышуусунда болуп өттү.

"Көпчүлүк ата-энелер баланын табиятын таанып-билбестен, балдарга эксперимент кылган учурлар кездешет. Буюмдарга эксперимент жасаса болот, бирок балдарды тарбиялоодо эксперимент жүргүзүүгө болбойт. Андыктан сөзсүз түрдө илим-билим тарабынан  тастыкталган, далилденген эрежелерге таянышыбыз керек" деп билдирди “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун өкүлү, япон окумуштуусу Масару Ибуканын "Үч жаштан кийин кеч" китебинин котормочусу Асылбек Жоодонбеков.

"Балама кандай дүйнө калтырам дегендин ордуна, бул дүйнөгө кандай бала  калтыра алам" деп ойлонушубуз керек деген Махабат Жолдошбек кызы бала тарбиясындагы  ата-энелердин кетирген кемчиликтери туурасында айтып берди.

Ал эми семинардын  кульминациясы, жыйынтыктоочусу катары сөз сүйлөгөн педагог Рахат Аманбаеванын лекциясы болду. Рахат айым балдарга туура максат коюуну үйрөтүү, ага ата-эненин тийгизген таасири тууралуу айтып берди.

Иш-чарабызга салым кошкон М. Кашкари атындагы Чыгыш университетинин жалпы жамаатына, лектор агай-эжелерибизге, волонтер кыздарыбызга, мыкты алып баруучу Сабира Махаматкайым кызына, өзгөчө  таттууларды түрлөп жасаган "Даткайым"  кыздар жатаканасынын кыздарына терең ыраазычылык билдиребиз.

 DSC 0098DSC 0104

Конкторубуз кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

DSC 0106DSC 0111

DSC 0154DSC 0173

DSC 0181DSC 0191

DSC 0205DSC 0230

DSC 0237DSC 0224

DSC 0227

 

Пикириңизди калтырыңыз

Security code
Жаңыла