kantrium.com | Finland | InoTour.com | Helsinki

                              

«Ийгиликтүү болом десең...» мастер классы Ислам университетинде
Жума , 21 Чын Куран 2017

«Ак Жоолук Ажар» ККАФнун «Ийгиликтүү айым» долбоору 2016-жылдын сентябрь айынан баштап старт алып келатат. Долбоор ишке ашкан күндөн баштап 1000 ашуун кыз-келиндердин өнүүгүсүнө багыт көрсөтүп келүүдө.Студенттерге мотивация берүү максатында ЖОЖдор арасында «Ийгиликтүү болом десең...» аттуу мастер класс уюштурулуп,акыркы мастер классыбыз Кыргызстан Ислам университетинде жыйынтыкталды.

Иш-чаранын лекторлорунун бири жаш окумуштуу,Япониянын Кумамото университетинде Жаңы Кесилишкен Илимдер тармагы боюнча илимдин доктору,бир катар илимий макалалардын автору, дүйнөлүк илимий конференциялардын катышуучусу Жазгүл Келгенбаева болду. Жазгул айым «Чет жактагы билим алуунун актуалдуулугу» темасында презентация көрсөтүп, кыздарды Күн чыгыш өлкөсүнө кыйла эле кызыктырып койду көрүнөт, анткени суроо-жооп учурунда бир топ суроолор ушул жаатта берилип жатты.

Ал эми иш-чаранын экинчи бөлүгүн тренер, оратор , «БН» тренерлик борборунун негиздөөчүсү Бурулкан Нуракова эжекебиз улантып, жыйынтыктады. Коомдо өзүн туура алып журуу,эл алдында тартынбай сүйлөө, убакытты туура пайдалануу жана ийгиликке жетүүнүн тепкичтери менен тааныштырып, кыздарга чон мотивация бере алды.

DSC 0159DSC 0122 DSC 0165DSC 0147DSC 0086DSC 0084DSC 0082иDSC 0080DSC 0051DSC 0052

Пикириңизди калтырыңыз

Security code
Жаңыла