kantrium.com | Finland | InoTour.com | Helsinki

                              

«Ийгиликтүү айым» долбоору жыйынтыкталды
Жума , 28 Чын Куран 2017

«Ак Жоолук Ажары» ККАФнун 2016-жылдын, сентябрь айынан баштап «Ийгиликтүү айым» долбоору иштеп баштаган. Бул долбоордун негизинде студентерге мотивация берүү максатында, Кыргызстандагы белгилүү, ийгиликтүү айымдар менен студенттер ортосунда жолугушуу уюштуруп “Ийгиликтүү болом десең..” мастер классы, ал эми айымдар үчүн үй-бүлөлүк баалулуктарды жайылтуу максатында “Гармониялуу үй-бүлөлүк” мамилелер аттуу тренинг, семинарлар иш-жүзүнө ашты.

Бул долбоорду жыйынтыктоо максатында 27-апрелде И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Ийгиликтүү айым” иш-чарасын өткөрүп алдык.

Иш-чаранын алкагында Кыргыз-Түрк Манас Университетинин мугалими, тарых илимдеринин доктору Абдыкулова Роза Аманбаевнадан “Кыргыз аял затынын сапаттары өтмүштөн бүгүнкүгө” деген аталыштагы кыргыз аялзатынын сапаттары тууралуу мастер классы;

Тренер, коуч, психолог Рысбекова Алтын Рысбековадан «Даанышман аял заты» мастер классы;

Үй- бүлө мамилелери боюнча эксперт Талипова Нуржан Абдиевнадан
“Аялдык ваазыйпаңды эсте” мастер классы;

Окутуучу Бакирова Гүлшайыр Туратбековнадан
“Бактылуу үй-бүлөдөгү аялдын ролу” темасындагы мастер класстар менен коштолду.

Андан тышкары социалдык тармак аркылуу жарыяланган “Гүлдүү панно”, “Ободок сиздики болсун” конкурстарынын жеңүүчүлөрүнө белектер таптышырылды.

Иш-чарабызга салымын кошкон И.Арабаев атындагы КМУнин жалпы жамаатына, “Гүлдүү панно ” конкурсунун 1- орун үчүн 3000сомдук сертификат тапшырган Сидра Турсунова эжекебизге, ушул эле конкурстун 2- орун үчүн көйнөк, жоолук, 3-орун үчүн бекер макияжга сертификат тапшырган Осмонова Мухлиса эжекебизге, маалыматтык колдоо үчүн “Умма ” ислам журналына, “ЭЛТР” , “АЯН” телеканалдарына, буга чейин долбоорго өз салымын кошкон ийгиликтүү айымдарыбызга, бутубузга бут, колубузга кол болгон ыктыярчы кыздарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз.

Коомубуздагы аялдар үчүн дагы да иштей бермекчибиз. Алдыда дагы кызыктуу жана пайдалуу долбоорлорубузда сөзсүз көрүшөбүз.

18190812 699093830277991 1521203905 n

18175793 699093690278005 1797434565 o

18191093 699093826944658 272619468 n

18191562 699093573611350 767271700 n

18195969 699093900277984 625765120 o

18191756 699093936944647 411388047 n18217470 699093843611323 142579144 n

18190809 699093840277990 1284071805 n18191367 699128810274493 2142639899 n

18190795 699093940277980 1728695997 n18191185 699093880277986 750954474 n

18217337 699093500278024 444609825 n18197202 699093883611319 1335360704 n

18191408 699093863611321 521604965 n18197315 699093630278011 581901284 n

18190778 699093713611336 651806311 n18195969 699093900277984 625765120 o

18176122 699131630274211 1299878753 o

 

Пикириңизди калтырыңыз

Security code
Жаңыла