kantrium.com | Finland | InoTour.com | Helsinki

                              

Ички органдарды үй шартында дарылоо
Жума , 20 Тогуздун айы 2017

Биринчи мүмкүнчүлүк- бал.
Балды көпчүлүк учурда боор жана өт оорусу менен ооругандар көп пайдаланат. Аны белгилүү бир убакытта быштакка(творог), сабизге, лимон ширинине кошуп жеген пайдалуу. Кээде түрптүн( редька) ичин оюп, ага балды толтуруп коюп, үч-төрт сааттан соң даяр болгон ширинди өт оорусу менен ооруган адамга аш кашык менен ал эми, балдарга чай кашык менен күнүнө 2-3 ирээт берүү керек. Мындай даярдалган азыктар өт жана бөйрөктө кум менен таш пайда болуудан сактайт. Ошондой эле бир стакан жылуу минерал суусуна, бир аш кашыкбал кошуп, аны ач карын ичип,бир жарым эки сааттай кырынан жатып, боорго ысык эмес грелка басуу керек. Ошондо боордо жыйналып калган ашыкча заттар ашказанга карай агып, боор жеңилденет. Балды майдаланган сабиз менен кошуп, банкага салып бир аз убакыт койсо, абдан эзилип сабиздин ширинине кошулуп, аябай татту даам болот. Бул кошулманы боор,өт оорусу менен ооругандар пайдаланса дарылык касиети күчтүү. Бал кошулган сабиздин курамында каротин деп аталган С витамини жакшы сакталат. Балды лимонго кошуп сактаса бөйрөгү, боору, өтү ооругандарга өтө пайдалуу.


Пияз боор менен өт оорусуна пайдалуу

Үстүнө кумшекер себелеп бышырылган пияз боор менен өт ооруларына эм болот. Пияздын өзөгүн сууга кайнатып ичсеңиз, бөйрөк оорусуна шыпаа. Ушул кайнатманы 1/1 өлчөмүндө бышкан сүткө аралаштырып ичсеңиз көзүңүздүн көрүүсун жакшыртат.


Жалбыздын пайдасы

Жалбыз өт ооруларынын баардык түрлөрүнө жана сарык оорусуна, ашказан ошондой эле уйкусуздукка, баш ооруларына колдонулат. Аны кошумча ирээтинде салатта, кондитер өндүрүшүндө, суусундуктарда, ошону менен катар кош жыпар жыт берүүдө, куурулган этти зельц даярдоодо колдонулат. Улуу британияда жалбыз туздуу көптөгөн даамдарда кошула турган кошумча болуп аталат.

Пикириңизди калтырыңыз

Security code
Жаңыла