kantrium.com | Finland | InoTour.com | Helsinki

                              

Куранда аты аталган пайдалуу жемиштер
Жума , 20 Тогуздун айы 2017

Курма

Phoenix dactylifera724

Курма – ысык климаттуу өлкөлөрдө өсүүчү пальма түркүмүндөгү өсүмдүк. Май айынын башында байлаган мөмөсү август айында бышат. Мөмөсү ширелүү, ичинде данеги бар. Курма мөмөсү жогорку категориядагы азык жана көп ооруларга дары катары колдонулат.

Куранда: Курма тууралу Куранда бир канча жерде айтылган. Мисалы: Марьям энебиз Иса пайгамбарга бой кат болуп, төрөөчү мезгили келгенде Курма дарагынын алдында төрөйт. Бул туурасында Куранда минтип айтылган: “Ал (Исага) кош бойлуу болуп, аны менен алыска кетип калды. Анан, (катуу) толгоо (азабы) аны (бийик жердеги) Курма дарагына алып келди. (Ошол жерде төрөгөн соң ачкалыктан, суусагандан жана адамдардын ушак сөздөрүнөн коркуп) “Оо, кана эми, ушуга чейин эле өлүп калсам, же таптакыр унутулуп кеткен болсом!” – деди. Ошондо, андан ылдыйраак жерден (Жебрейил периште үн катты): “Кайгырба, Раббиң бут астыңдан суу (дарыя) агызып койду. Жана өзүңө Курма бутагын силксең сага жаңы, таза мөмөлөрүн түшүрөт. Эми (ошолордон) жеп-ичип, (перзентиң үчүн) кубан!…” Марьям сүрөсү, 22-26-аяттарБул аяттан белгилүү болгондой курма жаңы төрөгөн аялдарга дем-күч берүү касиетине ээ. Ошондой эле жаңы төрөлгөн наристени курма менен оозандыруу сүннөт.


 

Хадисте:Пайгамбарыбыз (С.А.В) минтип айткан: “Ким эртең менен жети даана курма жесе, бул күн ага сыйкыр да, уу да зыян бербейт”. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) курманы горо кезинде, бышканда жана кургатылганда да жегени айтылган. Курманын өзүн гана жеген жана нан менен бирге да жеген учурлары болгон. Курманы тамактардын эң жакшысы катары баалап:«Кайсы үйдө курма жок болсо, ал үйдөгүлөр ачка калышат» – деп айткан. Жогоруда айтылгандай жаңы төрөлгөн наристени курма менен оозантуу сүннөт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) көптөгөн сахабалардын баладарын курма менен оозандырган. Азыркы учурда да жаңы төрөлгөн баланын оозуна глюкоза тамчылатышат. Бул баланын бат өөрчүүсүнө, эненин сүтүнө бат калыптануусуна шарт түзөт. Ал эми илимий изилдөөлөрдө табигый глюкозага бай өсүмдүк курма экендиги аныкталган. Демек, бир гана Жаратуучунун аяны менен иш кылган пайгамбарыбыздын бул сүннөтүн аткарууга аракет кылуубуз керек. 

 


 Курманын курамын толук изилдеп чыккан дүйнөлүк диетологдор аны эң пайдалуу азык катары сунушташат.


 

Пайдасы:

  •  Көздүн көрүүсүн жакшыртат.
  •  Боюнда бар аялдардын иммунитетин жогорулатып, түйүлдүктүн толук кандуу өөрчүүсүнө шарт түзөт.
  •  Организмдеги зыяндуу бактерияларды жок кылат.
  •  Жүрөктүн иштөөсүн жөнгө салат.
  •  Аз кандуулукту алдын алат.
  •  Нерв системасын бекемдейт.
  •  Эркектердин тукумсуз болуусунан сактайт.
  •  Кан басымдын жогорулоосун жөнгө салат.
  •  Кандагы холестеринди азайтат.
  •  Организмди картаюудан сактайт.

Элдик табыпчылыкта:
1) Баш ооруган (мигрень) учурда күнүнө 50-100 гр курма жеп туруу сунуш кылынат.

2) Нерв ооруларында, 7 даана курманы сүт менен ичүү нервди тынчтандырат.

3) Инсультта сууга кайнатылган күрүч менен бирге курманы жеген жакшы.

4) Ичегилердин жакшы иштөөсү үчүн күн сайын, эртең менен тамактан алдын 7 даана курма жеп турган жакшы.

5) Аз кандуулукта, күнүнө 10 даанадан кем эмес курма жеш керек.formula.kg 

 



Ашкабак

тыква
Ашкабак катуу кабык менен капталган эттүү өсүмдүк. Аны сүткө, сууга бышырып жегенге жана ар түрдүү тамактарды жасоодо колдонууга болот. Ашкабак бир гана азык болуп эсептелбестен, адамдын ден-соолугуна пайдалуу дарылык касиетке да ээ.


Куранда: Алла Таала адамдар жана айбанаттар үчүн пайдалуу кылып жараткан кээ бир өсүм-дүктөрдүн артыкчылыгын Куранда да айтып өткөн. ошондой аяттардын биринде минтип айтылат: "Биз анын үстүнө ашкабак өсүм¬дүгүн өстүрүп (көлөкөсү менен калкалап) койдук".Саффат, 146-аят

Бул аятта аллах Таала Өзүнүн пайгамбарларынын бир Юнус пайгамбар тууралуу айткан. Окуяда, Юнус пайгамбар элине таарынып алардан качып чыгат да, адамдар толуп турган кемеге түшөт. Кеме денизге чыгып, бир канча жол жүргөндө катуу добул болуп адамдар жүк-тагын сууга ташташат. Ага да болбостон кеме чөгө баштаганда адамдардан кимдир бирөөну сууга ыргытууга туура келет. Ошондо алар чүчү кулак таштоону туура көрүшөт. Чүчү кулак Юнус пайгамбарга чыгып калат да, аны сууга ыргытып жиберишет. Аны Аллахтын буйругу менен бир кит жутуп алат. Анын курсагында бир канча күн жүрүп, анан кит аны жээкке алып чыгып бүркүп жиберет. Ал эсинен танып, катуу ооруп жатып калат. Ошондо Аллах Таала анын жанына ашкабакты өстүрөт. Аалым¬дардын айтуусунда ашкабактын жалбырагы чоң болгондугу үчүн гана Аллах Таала аны өстүргөн эмес. Анын курт-кумурскаларды жанына жолотпогон жыты жана адамдын организмине күч-кубат берүүчү касиети болгон.


 

Хадисте: анас бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Бир жолу Аллахтын элчисин конокко чакырышты. Мен аны менен бирге бардым. Ошонджо анын алдына арпа нанын жана ашкабак шорпосун беришти. Мен Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) шорпо ичинен ашкабактарын терип жеп жатканын көрдүм".
Абу Таалут айтат: "Анас бин Маликтин үйүнө кирсем, ал аш¬кабак жеп отурган экен. Ал мага карап: "Пайгамбарыбыз (Ага Ал¬лахтын салам-салаваты болсун) жактырган тамактан жебейсиңби?" - деди.
Ааиша энебиз (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: "Аллахтын элчиси мага: "Ааиша, эгер тамак жасасаң ашкабагын көбүрөөк кошкун. Анткени, ал жүрөктөн кайгыны кетирет" - деп айтчу.

Пайдасы: Бардык эле жашылчалар сыяктуу ашкабак дагы витаминдерге бай. Анын этинин курамында А, B1, B2, B5, E, РР, С витаминдери, кальций, калий, магний, темир жана башка мик-роэлементтер бар. Ал эми уругу Ал эми семичкеси В1, С, Е, D, РР витаминдерине, каротин, көмүртек, белок, майга бай.
Ашкабактын этин жоон ичегинин сезгенүүсүндө, ич өтүүдө, жүрөк-кан тамыр ооруларында пайдаланууга болот. Ошондой эле аз кандуулукта да ашкабакты колдонуу зарыл.
Ашкабак ширесине бал кошуп ичүү - нервди тынчтандырып, жүрөктү эс алдырат жана уйкуну өз калыбына келтирет.
Ашкабактын уругун эркектер бел-күчүн сактоо үчүн да пайдаланса болот. Ал үчүн күн сайын жок дегенде он урукту чагып да¬негин жеп туруу керек. Мындан сырткары зат алмашуу бузулганда ашкабакты бышырып жеп, же анын ширесин ичүү пайдалуу.
Ошондой эле ашкабак эттин таза болуусуна жана бырыштын жок болуусуна шарт түзөт. Анын кабыгынан, этинен жана ширесинен ар түрдүү маскаларды жасоого болот. "Бейиш" гезитинен


 Инжир

116916415

Куранда: Куранда Аллах Таала бул касиеттүү мөмөгө : «Инжирге жана зайтунга ант болсун!»Тиин сүрөсү, 1-аят деп ант берген. Алла Тааланын инжирге ант бериши бул мөмө-жемиштин канчалык маанилүү, пайдалуу жана баалуу экендигин туюндурат. Анткени улуу Алла Тааланын маанисиз, пайдасыз жана арзыбаган нерселерге ант бериши мүмкүн эмес. Алла Таала Куранда ант берген инжир башка мөмө-жемиштер менен жашылчаларга караганда витаминдерге жана микроэлементтерге өтө бай мөмө. Иликтөөлөр боюнча айта турган болсок, азык катары алынган волокна адамдын сиңирүү системасына өзгөчө жардамын тийгизет жана айрым рак ооруларынын алдын алууга жардам берет. Инжирди үзгүлтүксүз жеп, жүрөк, кан-тамыр ооруларынын алдын алууга болот. Геморройго каршы да жардам берет. Ал ар кандай диеталарды кармоодо да көп сунуштала турган азык. Инжир ашыкча салмактан арылууну көздөгөн адамдар үчүн да ыңгайлуу.


 

Пайдасы:Пайгамбарыбыз сүйүп жеген азыктардын дагы бири инжир. Кургатылган инжир башка кургатылган мөмө-жемиштерге караганда ичеги-карындын иштөөсүн жакшыртуу жана адамды ток кармоочу клетчаткаларга бай табигаттын эң сонун мөмөсү. Инжирде биздин саламаттыгыбыз үчүн керектүү микроэлементтер жана витаминдер бар. Анын ичинде калий, магний, темир, кальций жана В витаминдер тобу камтылган.


Дарыгерлер анын дагы бир касиети катары адамдын физикалык жана нервдин чыңалуусун басаңдатып, организмге энергия жана күч-кубат бере тургандыгын белгилешет. Айрыкча, анжир астма, жөтөл жана суукка алдыруу сыяктуу абалдарда даарылоо максатында сунушталат. Бириктирилген ткандарды, айрыкча муун жана сөөк жаракатын алган жерлерди айыктырууну камсыздаган пектиндин байытылган тутумуна ээ. kitep.jimdo.com/

 Инжирди көпкө уланган оорулардан соң бат айыгууга көмөкчү болуучу, күч-кубат берүүчү бир дары катары кабыл алууга болот. Физикалык жана мээнин кыйналышын жок кылат жана денеге энергия жана күч берет. Инжирдин эң маанилүү азыктык элементи – бул бүт мөмөнүн 51-74%ын түзгөн шекер, жана бүт мөмөлөр арасында эң көп шекерге ээ. Ошондой эле, инжир астма, жөтөл жана суук тийүү сыяктуу учурларда да дары катары сунушталууда.

Калифорния инжир кеңеши тарабынан «дээрлик табияттын эң кемчиликсиз мөмөсү» деп сөз кылынган инжир адамзат билген эң байыркы мөмөлөрдүн бири болгонуна карабастан, тамак-аш өндүрүүчүлөр тарабынан кайрадан ачылууда. Себеби азыктык баалуулугунун жогору болушу, ден-соолукка пайдалары бул мөмөнү өзгөчө маанилүү кылууда.

 

Топтогон: akjooluk.kg

 

Comments  

 
0 # Robyn 2018-12-21 05:45
I really like it when individuals come together and share views.
Great blog, keep it up! viagra pills: http://www.battleactsmain.ca/wiki/Warning:_Generic_Viagra
Reply | Reply with quote | Quote
 
 
0 # Hilton 2019-01-18 07:10
I love what you guys are up too. This kind of clever work and
reporting! Keep up the very good works guys I've
included you guys to my own blogroll. viagra without a doctor prescription: https://www.oix.legal/ico-forum/index.php?topic=1120613.0
Reply | Reply with quote | Quote
 

Пикириңизди калтырыңыз

Security code
Жаңыла