kantrium.com | Finland | InoTour.com | Helsinki

                              

Эркектер үйлөнгүсү келбеген 10 түрлүү аял
Шейшемби, 24 Тогуздун айы 2017

Кыз- келиндердин кээ бир кылыктары мырзаларды чочутат. Бир нече китептин автору,таанышууга арналган мобилдүү тиркемени ойлоп чыгарган Саманта Дэниэлс эркектер үйлөнгүсү келбеген аялдардын 10 түрүн көрсөткөн. 

1.Педагог аял. Эркектерге акыл айтып, үйрөтүүнү жакшы көргөн аялдар биринчи камкор болуп көрүнүшү мүмкүн. Бирок мырзалар  мындай үйрөтө бергенден тез тажайт.

2.Сезим менен ойногон аял. Мырзалар сезим менен ойногон аялдардын кылыгын эч качан көтөрө албайт.

3. Эркектерди өзгөртөм деп тырышкан аялдар. Эркектерди  өздөрүнүн  болгон турушу менен кабылдагысы келбеген аялдарга үйлөнгүсү келбейт. Мындай адат көпчүлүк учурда уруш чыгарууга алып келет.

4. Кызганчаак жана ишенбеген аял.  Себепсиз кызгана берген аялдар жана албетте эркеке ишенбеген болсо, карым- катнаш аягы бүтөт. Ошол себептүү эркектер мындай аялдар менен өмүр улагысы келбейт.

5.Өзүн толугу менен мырзаларга арнаган аял.  Эркектер камкордукту, мээримдүүлүктү каалаганы менен, өзүн унутуп кеткен аялдарды каалабайт. Алар аялдардын өз кызыкчылыгы болгонун жана өнүккөн сапаттары болушун каалайт.

6. Атасы менен байланышы жок аялдар. Мындай кыз-келиндер адатта өздөрүнөн улуу мырзаларга турмушка чыгат. Алар атасынан ала албаган мээримдүүлүктү күйөөсүнөн алгысы келет. Убакыттын өтүшү менен ага жар эмес, ата эсебинде болуп калат.

7. Бардык маселени апасы менен акылдашкан аял. Эркектер үй-бүлөөсүндө болгон жагдайдын бардыгын апасы менен талкуулаган аялдарды жактырбайт. Энесинин өз үй-бүлөөсүнө аралашканын эч бир эркек жактырбайт.

8. Ушакчы аялдар. Эркектер ар дайым өзгөлөрдү сөз кылып, сыртынан ушак айтып отурган кыз- келинчектерди жар кылгысы келбейт.

9. Күйөөсүн башка эркектер менен салыштырган аял. Эркектер өздөрүн башка бирөө менен салыштырганды эч качан көтөрө албайт.

10. Ар дайым арыктоо үчүн диета кармаган аял. Эркектер ар дайым даамдуу тамак жегенди, жана тоюуп тамактанганды каалайт. Ал эми, дастаркон башында отуруп  алып,диета кармаганын айтып отурган келинчектер аларга эч качан жакпайт.

Даярдаган: Гулмейиз Акматали кызы

Comments  

 
0 # Fermin 2018-11-20 03:55
I see you don't monetize your site, don't waste your
traffic, you can earn additional cash every month. You can use the
best adsense alternative for any type of website
(they approve all websites), for more info simply search in gooogle:
boorfe's tips monetize your website

my website BestMargarette: https://FollowBreanna.blogspot.se
Reply | Reply with quote | Quote
 

Пикириңизди калтырыңыз

Security code
Жаңыла