kantrium.com | Finland | InoTour.com | Helsinki

                              

Кызга берилүүчү септе эмнелер болушу керек?
Ишемби , 04 Жетинин айы 2017

“Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт” деп койот элибизде. Бул деген кыз сепсиз болбойт дегени эмеспи. Кызга сеп чогултуу ар бир элдин салтында бар, болгондо да кыз себи менен барктуу. Бүгүнкү күндө кызга берилүүчү септе эмнелер болушу керек? Макаланы окуп, керектүүлөрүңүздү толуктап алыңыз.
Кыргыздар “Кыз-үйдө конок” деп, кызга аздектеп мамиле жасоо менен катар анын келечектеги үйү жолдошунун үйү экенин кулагына куюп өстүрөт. Кыргыздар байыртадан кыздын себинине эртелеп даярдык көрүшкөн. Сепке негизинен шырдак( килем, палас), сандык, кийим, ийдиш-аяк кирет. Ал эми азыр септи алдына ала даярдап койгондор жокко эсе. Бул берилүүчү төшөк-жууркан жана башка керектүү буюмдардын модасы улам өзгөрүп тургандыгына байланыштуу.

Кыргызда кыздын себине эмнелер кирет?

Шырдак-килем

Кийиизден колго жасалып,жерге салынуучу барктуу үй буюму. Жерге салса да, бүктөп жыйып койсо да үйдүн көркү болгон шырдак жакшы жасалса муундан- муунга өтүп, жакшы сакталат. Шырдакты азыркы учурга чейин сепке кошуп беришет. Ал эми анын ордун килемге алмаштыргандар дагы жок эмес. Килем-түктүү көркөм көчөт салынып, колдо токулган үй ичин жасалгалоочу буюм. Кыргызда негизинен жүл (түк) жана арабы килем токулат. Килем аркагы өрмөктөй эле кадимки жүндөн жана мурунку эриш жиптердин калдыктарынан ийрилет. Бизде Баткендин колго жасалган килемдери бааланып, баасы да 100 000 миң сомго чейин жасалат.

Жер төшөк жана жаздыкчалар

16830707 1867615376842778 8443960163090310698 n

Жер төшөк бул кездемеден жасалчу алдыга салып отурган төшөнчү. Аны биздин ата-бабаларыбыз көлдөлөңдөн кийин пайдалана башташкан. Учурда элдин көбү көлдөлөңгө караганга жер төшөктү көп жасап, пайдаланышат. Себеби, жер төшөктү жасоо абдан жеңил жана кирдеп калса да жууп, оңдоо көп түйшүктү жаратпайт.
Негизинен септе 6 жер төшөк, 6 жаздыкча( томпок) болот. Баркыт, велюр жана башка кездемелерден тигилет. Ал эми башка жаздалуучу жаздыктан 2-8 даанага чейин жасалат.


Жууркан

22886059 1988702024734112 1037008046099017431 n

Жууркан орус жууркан ( бир адамдык) жана кыргыз жууркан ( эки кишилик) деп жасалат. Сепке 4 кыргыз , 6 орус жууркан берилет.
Айтмакчы, сепке 4-5 комплект шейшеп кошулганы жакшы.

 


Сандык

186193698 8 644x461 asyl-da-altyn-sandyk-sunduk-tek-szge- rev007

Сүрөт olx.kz


Сандык-кыздын себиндеги өзгөчө орунду ээлеген буюм. Анткени кыздын керектүү буюмдары сандыкка салынып, төшөктөрү үстүнө жыйылат. Жакшы сандыктар жыгачтан жасалып, оймо түшүрүлүп чегилгени.


Дасторкон, идиш-аяк

 Күнүмдүк тиричилекте эң керектүү буюмдар. Андыктан сепке сөзсүз кошуу керектелет. Дасторконду атайын сепке деп өзүнчө буйрутма беришет. Бирок шартка жараша жакшы сапаттагысын карап дүкөндөрдөн деле алса болот. Ал эми ийдиш-аяк ар кимдин өз мүмкүнчүлүгүнө жараша алынат. Бирок кызга керектүү казандан баштап, кашыкка чейин сепке кошулганы жакшы.
Мындан тышкары ашканага керектүү майлык, чачыктар кошуп алганыңыз ашыкча болбойт.


Мебель жана үй-техникалары
Кыздын ата-энесинин мүмкүнчүлүгүнө жараша болот. Мисалы: кир жуугуч машина, жумшак эмерек, ашкана гарнитуру же спальный гарнитур, муздаткыч болушу мүмкүн.
Ал эми кызга керектүү кийим-кечелер сепке сөзсүз кошулат.

16649438 1867254490212200 7254549225758816357 n

 


Сеп - үйдүн көркү
Салттуу кыз - элдин көрку!

Сүрөттөр " Peri Еtno Design" сеп даярдоо борборунун  “facebook” тагы жеке баракчасынан алынды.

 

Даярдаган:  Айчурок Тойгонбай кызы

 

Comments  

 
0 # Беназира жаббарова 2017-11-04 18:24
Бир кызга сеп мисалы жууркан, жер тошок, жаздык акчасы канча болот?
Reply | Reply with quote | Quote
 

Пикириңизди калтырыңыз

Security code
Жаңыла