kantrium.com | Finland | InoTour.com | Helsinki

                              

Ааламга атагы жеткен 10 аял
Бейшемби, 16 Жетинин айы 2017

Аял назик жандуу жаратылыш ээси. Бирок аялдар керек кезде эркек көтөрө алгыс жүктү көтөрүп, эл тагдырын да чече алышат. Дүйнөнүн түркүгү болгон , ааламды өзгөрткөн, тарыхта аты калган ааламды башкарган 10 айым менен таанышып алыныздар.


        1-1
Клеопатра Тея Филопатор VII. Египеттин фараондорунун аттары эч кимбиздин деле эсибизде сакталуу болбосо керек. Бирок Клеопатраны баарыбыз укканбыз. Атактуу Птолемей тукумунан чыккан ал Египеттин тарыхта из калтырган жетинчи башкаруучу. Ал ар тараптан билимдүү болуп, бир нече чет тилинде эркин сүйлөгөн, философияны изилдеп, адабият менен жакшы тааныш болгон жана ар түрдүү музыкалык аспаптарда ойной билген. Клеопатра VII Египетти өзүнүн агалары менен 21 жыл башкарган жана акыркы падышасы болгон.
                   20121210-thatch-001 1
Маргарет Тэтчер Улуу Британияда өз орду бар, тарыхта «Темир айым» атка конгон аял. Студенттик жылдарында консерванттар ассоциациясына мүчө болуп, 1975-жылы Эдуард Хиттин партиясына жетекчи болуп дайындалат. 1979- жылы партия жалпы шайлоода женишке жетип, британиялык өкмөттү 1979-1990-жылдардын аралыгында башкарат.Тетчер өлкөнүн тарыхында өкмөт башына келген туңгуч аял.
                                2013121152a883d0732e7
Мать Тереза. Мээримдүү жүрөктүн ээси Агнес Гонджа Бояджиу карапайым жемиш сатуучунун үйүндө жарык дүйнөгө келген. Жүрөгү мээримге толгон ал 36 жаш курагында эл аралык кайрымдулук уюмун түзөт. Азыркы учурда бул уюмда сексенден ашуун улуттан урган 300 мин адам бар. Тереза 20 чактыдай госпиталь куруп, 10 чакты балдар үйүн негиздеп, 50 миңдей адамды бага ала тургандай даражага жетет. 1979-жылы Тереза энеге “Нобель” сыйлыгы ыйгарылган.
                                          00002135
Томирис.Сак падыша айымы Тумар ( Томирис) — сак-массагеттердин ханышасы, болжол менен б.д.ч. 570 — 520-жж. жашаган ааламдагы эң атактуу аял падышалардын бири. Массагеттер тарыхта «улуу сактар» деген ат менен белгилүү. Томирис тууралуу “Сүмбөдөй койкойгон сымбат, сырдуу, зымпыйган жүз, сүрдүү тик караган көз — баары ханышалык наркты, темирдей эркти жана аруулукту билдирип турду. Ал турушу менен асмандан түшкөн периштедей ажайып жан эле. Сактардын ичинде бул ургаачы — сүйрүсүнөн келген чапжаак, көгүш түстүү, бадам көз — теңдешсиз сулуулугу менен атактуу болчу,”- деп сүрөттөлөт. Мындай сүрөттөөдөн эле ханышанын акан каармандыгы анык байкалат.
                                               ik

Индира Ганди. Тарыхтын нугун өзгөрткөн дүйнөгө белгилүү бир нече саясатчы- аял лидерлер белгилүү. Алардын бири, Индиянын тарыхында ташка тамга бастырып кеткен - эртүү, күчтүү Индира Ганди болсо керек. Индира Ганди 1917-жылы, 19-ноябрда Индиянын Аллахабад шаарында туулган. 1966-жылы Индира Ганди премьер-министр кызматына келет. Тарых тамгаларында Индияны эң узак башкарган жетекчи катары гана эмес, өзгөчө акылдуу, энергияга бай, тайманбас саясатчы катары ысымы бекемделди. Эки жаш курагында “эл атасы” Махатма Ганди менен тааныш болуп, өспүрүм курагынан тартып эле нараазычылык, каршылык акцияларынын үстүндө чоңойгон. Ал жашаган резиденция дүйнөдөгү эң жөнөкөй резиденциялардын катарын толуктаган, аталган резиденция учурда - музей.

                                                               fr0110 01 big

Жанна д’Арк француздардын улуттук баатыры, Англия менен Франциянын ортосунда согуш болуп, англичандар Франциянын далай жерин басып алганда , баскынчы англичандарга каршы азаттык күрөшүн башкарган колбашчы. Ал карапайым дыйкандын үй-бүлөсүндө 1412-жылы төрөлгөн. Эли-жери үчүн жанын курман кылган француз кызы тарыхта улуттук баатыры аталып калары шекчиз.

                                                                                 I-10-privilegi-piu-strani-concessi-alla-Regina-Elisabetta-II image ini 620x465 downonly                                            

Елизавета II. Дүйнөнүн эң таасирдүү айымдарынын бири Елизавета II. Ал Улуу Британиянын жана Түштүк Ирландиянын ханышасы. 10 жашында тактыга мураскер аталып, таажы киет. Ал элин чын жүрөгүнөн сүйөрүн иши менен далилдеп, Экинчи дүйнөлүк согушта титулуна, таажысына карабай жарадарларды ташыган машинанын айдоочусу болуп, кээде санитардык да кызматтарды аткарган. Принципиалдуулугу, ханышалык сөөлөттү бийик туткандыгы менен эл оозунда калган. Елизавета эң узак мөөнөткө бийлик кылган монарх катары да белгилүү.

                                                                                                             image00136

Курманжан Датка. Ааламды башкарган 10 айымдын катарына өзүбүздүн элибизден чыккан , “Алай ханышасы” атка конгон Курманжан датка энебизди кошпой кетүүгө мүмкүн эместир. Көпчүлүккө акылы менен, зиректиги менен даңкталган Курманжан датка тууралуу кыргыз элинде атадан балага айтылып келет. Ал эми ошол убакта Орто Азияга, Кыргыз жерине буту тийген чет элдик саякатчылар дагы датка энебиздин кадырын алыстан угуп, атайын учураша кетишчү экен. Ал тууралуу убагында Орусиянын, Франциянын, Германиянын жана Польшанын газеталарына да жазып чыккан экен. Көптү көрүп, көпчүлүккө таанылган, Кокондун датка наамын алып, Орус империясына "Алай ханышасы" деген атка конгон. Кыргызстанда эле эмес, бүтүндөй Азиянын тарыхында биринчи жолу аялга саясый титул берилген. Анын ушак айыңдан тайсалдабай, өз тагдыры үчүн күрөшө билген эрдиги, күйөөсү Алымбектин көзүнө көз, кулагына кулак боло алган зиректиги, камкордугу жана сыпаалыгы, жандай көргөн уулун көз алдында асып жатканда да белин бүкпөгөн намыстуулугу жана элинин амандыгы үчүн кылган кеменгер жүрүштөрү ошол кылымдан бүгүнкү күнгө чейин баарыбызга үлгү катары бааланып келет.

Аиша (р.а). Пайгамбарыбыздын (С.А.В) сүйүктүү жубайы, көмөкчүсү ары анын хадистеринин жеткизүүчүлөрүнүн бири. Абу Бакр ас- Сыддыктындын кызы Аиша энебиздин ислам тарыхында маныздуу орду бар. Өтө акылдуу, зирек, аалым, адептүү, намыстуу жана салиха эле. Эсте сактап калуу жөндөмү өтө күчтүү болгондуктан сахабалар көптөгөн маселелерди андан сурап үйрөнүшчү эле. Пайгамбарыбыз (С.А.В) «Баарынан Айшаны өтө жакшы көрөмүн, эркектерден анын атасын жакшы көрөмүн.» деген. (Бухари, Ибн Мажа)

Comments  

 
0 # Milagros 2018-11-03 16:34
I have noticed you don't monetize your page, don't waste your traffic, you can earn extra
bucks every month. You can use the best adsense alternative for
any type of website (they approve all websites), for more details simply search in gooogle: boorfe's tips monetize
your website

Here is my web site: BestHallie: https://MightyLoreen.blogspot.co.uk
Reply | Reply with quote | Quote
 

Пикириңизди калтырыңыз

Security code
Жаңыла