kantrium.com | Finland | InoTour.com | Helsinki

                              

Англис тилин үйрөнөм дегендер үчүн Гүлзат Мамытбектен 10 кеңеш!
Шейшемби, 21 Жетинин айы 2017

Кыргызстандагы «High Time» ири тил мектебинин негиздөөчүсү Гүлзат Мамытбек англис тилин үйрөнүүдөгү өзүнүн 10 кеңеши менен бөлүштү. Гүлзат айым учурда 6 тилде эркин сүйлөйт жана 2 тилди өздөштүрүп жаткан учуру.


1. Эң башкысы- англис тилин үйрөнүүгө кадам таштаңыз!


2. Тил улам жаныланып турат. Үйрөнүүнү токтотпой, күн сайын кайталоо, жаңы сөздөрдү жаттоо менен алек болуңуз. Эгер тыныгуу болуп калса, көп сөздөр эстен чыгып калат.


3. Бир күндө жок дегенде бири-бирине байланышы бар 10 сөздөн жаттаңыз. Болгондо да эки мааниден турган сөздөрдү жаттаганга аракет кылыңыз. Мында бир сөзкош мааини берет. Мындай сөздөрдү жаттоо менен эки коёнду бир ок менен аткан болосуз. Мисалы,
“А housewife” сөзүн карап көрөлү. Котормосу–үй кожойкеси. Ал эки сөздөн турат:“house” - үй и “wife” - жубай. House + wife = housewife. Бул сыктуу англис сөздөру абдан көп.


4. Уюлдук телефондор колубуздан түшпөйт эмеспи. Андыктан уюлдук телефонуңузду, ноутбук жана башка гаджеттердин менюсун англис тилине которуп алыныз. Телефонду колго алганда алгач сөзгөргө маани берип, эске тутуп калганга аракет кылыңыз.


5. Дагы бир керектүү лайфхак- стикерлердин жардамы менен сөз жаттоо. Үйүңүздүн баардык тарабына, буюмдарага, техникаларга, айтор көзгө көрүнгөн заттарга түстүү келген стикерлерди жабыштыра бериңиз. Мисалы муздакткычтын сыртына мөмө жемиштердин аттарын жабыштырсаңыз болот.

 

 

6. Жакшы компания менен англис тилин үйрөнүүдөн артык эч нерсе жок. Сиз менен чогуу машыгууларды кылуу, диалог түзүү учурунда достордун болушу керек болот. Эгер мындай пикирлеш адам табууга болбой жатса, тил үйрөтүү курстарына жазылыңыз.

 

7. Тил билүү деңгээлиңизге карабай скайп мененби же жазуу түрүндөбү баарлаша бериңиз. Сизге окшоп тил үйрөнүүнү кааландар миңдеп саналат. Катачылык кетирүүдөн, туура эмес сүйлөп алуудан эч качан коркпоңуз. Каталар менен оңолобуз.


8. Эгерде англис тилин жаңыдан үйрөнүп келе жатсаңыз, балдарга арналган жомок китептериди окуудан баштаңыз.


9.Керектүү, жаны сөздөрдү эстеп калуунун кызыктуу жолу- англис тилинде кино, сериал, программаларды жана берүүлөрдү көрүү. Ким көрүп эстеп калуу жөндүмдүүлугүнө ээ болсо субтитр менен көрсө пайдалуу.


10.Англис тили менен чоң максаттарды коюнуз. Бизди кыймылдаткан, уктатпаган бул- максаттарыбыз.

 Даярдаган: Айчурок Тойгонбай кызы

 

 

 

 

Пикириңизди калтырыңыз

Security code
Жаңыла