kantrium.com | Finland | InoTour.com | Helsinki

                              

Туркиядагы мекендештердин башын бириктирген “Датка” асылзат айымдар коомдук бирикмеси
Дүйшөмбү , 04 Бештин айы 2017

Туркиядагы мекендештердин, мигрант айымдардын башын бириктирүү, ынтымакка чакыруу жана бири-бирине жардамдашуу максатында "Датка" асылзат айымдар коомдук бирикмеси түзүлгөн. Демилгени 28 жаштагы Мина Өмүрзак айым колго алып келет.


-Мина айым, эменеден улам ушул ишти колго алдыңыз?
-Биз Туркиядагы мекендештер, мигрант айымдардын башын бириктирүү, ынтымакка чакыруу жана бири-бирибизге жардамдашуу үчүн түзүлгөнбүз. Туркиядагы эмгек мигранттарынын көпчүлүк бөлүгүн айымдар түзөт. Бул жакта айымдардын көйгөйлөрү көп. Ортомчулар аркылуу ишке орношуп, бир ай же жарым айлык маянасын беришет. Анысы аз келгенсип кожоюндарынын катаал мамилелеринен, жумуштун оорчулугунан чөгүп кетишет. Кээде начар кожоюндарга туш болгондор айлык маянасын ала алышпай, көчөдө калып калгандарда бар. Ар кандай тараптан алданып калгандар , документ жагынан кыйналгандар, депорт болгондор кездешет. Жаш кыздарыбыз кыйынчылыктардын айынан туура эмес жолго түшүп кетип жатышакандыктарынан, көпчүлүктүн Туркиядагы кыз-келиндерге карата жаңылыш көз карашта болгондору мага бул бирикмени түзүүгө түрткү берди.

-Кыздардын мындай кадамдарга баруусуна эмне түрткү берип жатат деп ойлойсуз?
- Ак эмгек, маңдай тери менен иштеп жүргөн айымдарыбыз көп. Алардын намысына шек келип жатат. Туркиядагы айымдардын коркунучу, эн чоң көйгөйлөрүнүн бир да ушу. Арданышат, намыстанышат, ызаланышат. Бул үй-бүлөдөгү тарбиянын начардыгынан деп ойлойм. Балдарды тарбиялаганда аларды, бай, бактылуу болуу, жакшы окуу деген сапаттардан тышкары намыстуу болууга үндөш керек. Намыстуу адам- бай да, бактылуу да боло алат! Мындай жек көрүүлөр менен кыз-келиндерибизди басмырлоо, улутубузду уят кылууга барабар деп ойлойм. Өзүбүздү, улутубузду сыйласак кыздарыбызга сылык сыпаттар менен жакшы жолго үндөсөк болот!

-Бирикменин түзүлгөнүнө аз гана убакыт болуптур. Бул аралыкта кандай иштерди жасаганга жетиштиңиздер?
-Бул жактагы айымдар моралдык, психологиялык жактан жардамга өтө муктаж болушат. Ошол себептен айда бир жолу жолугушуу уюштуруп жатабыз. Көйгөйлөрүбүздү ортого салып, көпчүлүк менен чечкенге, бири- бирине жардам бергенге, намыстуу болууга үндөп жатабыз. Андан тышкары интернеттеги коомдук тармактар жана башка иш-чаралар аркылуу көмөк көрсөтүү жүргүзүлөт. Ал жакта бири-биринен кеңеш алып жана берип, көнүлдөрүн көтөрүп, сырдашып турушат. Күнүмдүк көйгөйлөр чечилип, байма бай сүйлөшүүлөр жүрүп турат. Айымдар үчүн жакшы болду деп колдоп, жетине албай сүйүнгөндөр көп.

24581148 162269634505618 319102849 n

-Психологиялык жактан жабырган айымдар дагы кайрылат деп калдыңыз! Аларга кандай жардам көрсөтүлүп жатат?
-Психологиялык жактан жардамга муктаж болгондор көп. Аларга жолугушуу сайын билимдүү, турмушта психологиялык тажырыйбасы кенен жана Туркиянын шарттарын, багыттарын билип көптөн бери туруктуу жашап, иштеп, өз ордуларын таап калган айымдарды чакырабыз. Ар бир жолугушууда 1-2 сааттык белгилүү бир көз караштагы сабактар өтүлөт.

-Жолугушууга келген айымдардын талаптары кандай?
-Бул жактагы айымдар моралдык жактан колдоого муктаж болушат. Жаңы келген айымдар Туркиянын мыйзамдарын билбегендиктен документтерин жасоо, мыйзамдарын бузбоо боюнча маалыматарга муктаж.

-Туркиядагы айымдар көбүнчө кандай жумуштарда иштешет? Дегеле ал жакта жумушчу мигрант болууга болобу?
-Туркиядагы кыз-келиндердин көбү үй жумуштарында иштешет. Бала багуучу, кары-картаң багуучу, үй-бүлөөгө жардамчы жана башка жактарда. Туркияга келип иштесе болот. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу иштеп кеттүү оор. Болгону, башка келүүчү ар кандай көйгөйлөргө, жумуштун оордугуна даяр болуулары керек.

 22853336 148986909167224 3915720669275150508 n

-Туркияга иштеп барам деген кыздарга кандай кеңеш берет элеңиз?
-Туркия десе эле көбү жыргал жашоо деп ойлошот .Бул жакта деле жеңил эмес. Ата энелер кыз-келиндерин Туркияга жиберээрде алардын жүрүм-турумун, коопсуздугун эске алып көзөмөлдөп туруулары шарт. Колдон келсе жибербей коюшса жакшы болмок. Себеби, тагдыр эмне күтүп турганын билбейбиз.

-Алдыда дагы кандай пландарыныз бар?
-Алдыда көптөгөн пландарыбыз бар. Буйруса, кыргыз кийимдерин даңазалоо максатында Туркияда флешмоб кылалы деген оюбуз бар. Бизди колдогон, жардам берген эч ким жок болгондуктан бир аз кыйын болуп жатат. Жалгыздын иши арбыбайт экен. Ошентсе да акырындык менен кыз-келиндерди адал жашоого, жакшы жолго үндөөгө, мотивация берүүгө аракетимди жумшай берем. Аллахым насип кылса, ойлогон максаттарым ишке ашат деп ойлойм.

-Ойлогон ой-максатыңыздардын баардыгы ишке ашсын. Маегиңизге рахмат!

Сурөттөр автордун жеке архивинен алынды.

Даярдаган: Айчурок Тойгонбай кызы

 

24337328 162273427838572 2038621650 n

 

Comments  

 
+1 # Мина Омурзак 2017-12-04 17:46
hhp5q
Reply | Reply with quote | Quote
 
 
0 # Efrain 2019-02-09 19:35
I'm not sure exactly why but this weblog is loading incredibly
slow for me. Is anyone else having this issue or is it a problem on my end?
I'll check back later on and see if the problem still exists.



Here is my web blog ... download: https://miclinaca.bandcamp.com/album/1-30-3-2019
Reply | Reply with quote | Quote
 

Пикириңизди калтырыңыз

Security code
Жаңыла