kantrium.com | Finland | InoTour.com | Helsinki

                              

БАКТЫЛУУ САТЫП АЛУУЧУНУН СЫРЛАРЫ:
Бейшемби, 12 Жетинин айы 2015

ШОПИНГДИН АЛТЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ:

    Психологдордун айтымында, дүкөндөрдү кыдыруу  жана сатып алуулар стресс жана депрессия менен күрөшүүдө жакшы жардам берет. Ал гана эмес адамдын өзүнө ишенимин, өзүн баалоосун жогорулатып маанайын көтөрөт. Биз сиздер үчүн сатып алуудагы эң керектүү эрежелерди жана кеңештерди чогулттук. Сиз дүкөндөн кайтканда короткон акчаңызга чын эле сизге керектүү жана өзүңүз каалаган нерселерди алгандыгыңызды сезсеңиз, демек сиздин шопинг идеалдуу аяктады. Бирок, дайыма эле мындай боло бербейт.

Сиз шопингди алдын-ала пландадынызбы же кокустан элеби айтор, сиздин нервиңизди, акчаңызды жана убактыңызды үнөмдөө үчүн эске тута турган нюанстар жана эрежелер бар:

      УБАКЫТ1211 3

     Шопингди өзүңүздү тынчтандыруу, эс алуу үчүң колдонуп жатсаңыз, керектүү буюмду шашпай тандоо үчүн ага 1-2 сааттан кем эмес убакыт бөлүңүз. Бирок, бир күн бою магазиндерди аралоо да кереги жок.Чарчоо жана бутуңуздун ооруганы сиздин шопингден алган кубанычыңызды да жокко чыгарып коюшу мүмкүн.

    Сатып алуу үчүн эң туура убакыт- күндүн биринчи жарымы же, 12.00 гө чейин. Ал эми экинчи бөлүмү да 14.00 дөн 17.00 го чейин. Андан кийин жөн гана кезекке туруп убакыт жоготкон чак-пик башталат. Азык-түлүк дүкөңдөрүнө товардын келип түшүүсү негизинен күндүн биринчи жарымында болот. Бирок, жаңы продукта сатып алуу үчүн ал жерде иштеген сатуучулардан тактап алган дурус.1121 2

ПЛАНДАР

 Шопингге убакыт коротууну жактырбайсызбы? Пландаңыз! Алдын-ала сиз  издеген товар барбы интернет аркылуу аныктап алыңыз. Дүкөнгө келип  дароо эле керектүү нерсени алып чыгып кете тургандай. 

    Супермаркетке жөнөөр алдында ала  турган нерселердин тизмесин жазып алып, аны колуңузга алып алганыңыз  жөн. Ошондо ашыкча нерселерди сатып албайсыз.

    Көпчүлүк дүкөңдөр белгилүү бир күндөрдө же сааттарда товарларды арзан баада сатышат. Ошондой  сунуштарды мурунтан билип, пайдалуу шопинг кылып калыңыз. Адатта, жайкы  сатып түгөтүүлөр августтун башында,  кышкы сатып түгөтүүлөр февралдын  башында болот. Айрыкча, баалардын  арзандатуулары жаңы жылдын алдынан  да болот.

1121

      

 

 

МАРКЕТИНГ     

 Ар бир сатып алуучуну магазиндеги  тажрыйбалуу маркетологдордун  көптөгөн тузактары күтүп турат.  Алардын кээ бир далилденген  куулуктары тууралуу айтсак:

     -Супермаркеттин кире беришинде  кичинекей себеттер эмес,  чоң арабачалар  турат. Адам өзү байкабай эле арабачаны  толтурууга киришет жана пландалбаган  нерселерди сатып алып коет. Эгер сиз  дүкөнгө бир нече көлөмдүү продуктага  келген болсоңуз, анда кол себетин  тандаңыз.  

    -Күнүмдүк турмушта 1-кезекте  колдонулуучу товарлар магазиндин эң  төр жагына же эң четине коюлган. Сатып  алуучу ага жеткенче анын себетинде бир  топ керексиз нерселер салынып калышы  мүмкүн. Нанга келдиңизби же сүткөбү? Ортодогу өтмөктөрдөн качып, дароо эле көздөгөн жериңизге жетиңиз.
     Кымбат баалуу продукталар көрүнүктүү жана ыңгайлуу жерлерге коюлат. Астыңкы же, үстүнкү текчесинде ошого окшош эле, бирок, баасы кыйла арзан товар болушу мүмкүн. Салмактап сатыла турган продукталардын баасы упаковкада толугу менен көрсөтүлөт. Кандай болсо да товардын баасын салмагына карап салыштырып көрүңүз.
1121 4

      ФИЗИОЛОГИЯ

     Адамдын жаратылышы ушундай эмеспи. Продукта сатып алууга барып,    ачка болгондон улам, башында пландалгандан алда-канча көп нерсе        сатып  алууга даяр. Көчөгө чыгаардан мурда тамактанып алган эң туура    чечим.  Өзүңүздүн жыт сезгичтигиңизге ишениңиз.  Уятсыз сатуучулар    кээде  продуктанын этикеткасындагы чыгарылган мөөнөтүн өзгөртүп  коюшат.  Эреже боюнча, товардын жаңы экендигин билүү үчүн жыттап    көрүү  жетиштүү.

    Соода борборуна жөнөгөндө, өзүңүздүң кийим өлчөмүңүздү,  келбетиңиздин өзгөчөлүктөрүн так билип алганыңыз оң. Бул сиздин ала  турган товарыңызды издөөдө багыт алууңуз жана көп түрдүү товардын  арасында башыңыз айланып калбастыгы үчүн керек.

 

      ПСИХОЛОГИЯ

    Өзүбүзгө чынчыл болуп, чыныгы  жагдайды  баалай билели. Болгону бир   жолу гана кийиле турган кийимдерди  сатып  албайлы. Сатуучу жана      айланаңдагылардын  канчалык  ынандырганына карабай: “Бул  кийим  мага   тар эмеспи?  Кийүү жагымдуубу?  Мен ала тургандай баадабы? Кийимдин   өңү  менин теримдин өңүнө туура  келеби?” деген  суроолорго жооп    бериңиз.  Кээ бир  жоопторго ишенимдүү эмес  болсоңуз, сатып  алууну    кийинкиге  калтырып турсаңыз болот.  Себеби, туура  эмес кийимди сатып    алып,  өзүңүздү  бушайманга салышыңыз мүмкүн. Бирок, өзүңүздү мага    эчтеке жарашпайт деп  катуу сынга алуунун да кереги жок. Алдын-  ала    өзүңүздүң каалооңузду жана өзүңүздү  чын дилден сүйөөрүңүздү белгилеп  алууңуз  керек. Ошондо гана кийимиңизди ийгиликтүү  тандай аласыз.

 Өзүңүзгө жагып калган товарды кайсы  бир белгилүү себепти күтпөй эле сатып  алыңыз. Кээде магазинде эң жакшы  көйнөктү же костюмду жакшы баага  жолуктуруп калышыбыз мүмкүн. Бирок сатып алууга себеп жок деп албай коебуз.  Кээде ошол ылайыктуу  кийимдин өзү да чакан майрамга же чоң  кыялыбыздын орундалышына себепчи  болушу мүмкүн.

      ТЕЙЛӨӨ

    Кийимине карап мамиле жасоо дүкөндө  да  маанилүү: канчалык жакшы кийинген  болсоңуз, сизге ошончолук жакшы тейлөө  көрсөтүлөт. Тажрыйбасыз,  ыкылассыз  персоналды дүкөндөгү  музыкадан да билсе  болот. Музыка  канчалык катуу коюлган  болсо, тейлөө да  ошончолук начар болушу  мүмкүн. Товарды кайтарып берүүгө кепилдик бербеген жерден соода кылбаган  оң.HP314


 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Пикириңизди калтырыңыз

Security code
Жаңыла