Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында алгачкы “Көчмөн балдары” улуттук оюндар таймашы өткөрүлдү
2025-жылдын 21-сентябрында Сокулук районунун Төш-Булак айылындагы Жаакер этно борборунда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу 10–14 жаштагы өспүрүмдөр арасында “Көчмөн балдары” улуттук оюндар таймашы ийгиликтүү өттү. Иш-чара улуттук оюндарды жаш муунга жайылтуу, кыргыз элинин бай маданий мурасын сактоо жана балдардын патриоттук духун, эрктүүлүгүн, биримдигин чыңдоо максатында уюштурулду. Мелдешке көптөгөн тайпалар катышып, жаа атуу, таяк тартыш, аркан тартыш,…
