| |

Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында алгачкы “Көчмөн балдары” улуттук оюндар таймашы өткөрүлдү

2025-жылдын 21-сентябрында Сокулук районунун Төш-Булак айылындагы Жаакер этно борборунда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу 10–14 жаштагы өспүрүмдөр арасында “Көчмөн балдары” улуттук оюндар таймашы ийгиликтүү өттү.

Иш-чара улуттук оюндарды жаш муунга жайылтуу, кыргыз элинин бай маданий мурасын сактоо жана балдардын патриоттук духун, эрктүүлүгүн, биримдигин чыңдоо максатында уюштурулду.

Мелдешке көптөгөн тайпалар катышып, жаа атуу, таяк тартыш, аркан тартыш, чүкө жана тогуз коргоол боюнча күч сынашты. Ошондой эле катышуучулар үчүн салттуу кылыч чабышы уюштурулуп, кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн, улуттук курал-жарактардын жана буюмдардын көргөзмөсү көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты.

Иш-чара улуттук ырлар, манас айтуу жана төкмө акындардын чыгармалары менен коштолуп, майрамдык маанайда өттү. Бардык катышуучуларга жана конокторго улуттук даамдардан турган түшкү тамак уюштурулду.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө медалдар, дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле спорт түрлөрүнүн жетекчилерине, калыстарга жана фонддун ыктыярчыларына ыраазычылык каттар ыйгарылды.

“Көчмөн балдары” — улуттук оюндарды сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү жолундагы маанилүү жана тарыхый кадам. Бул алгачкы таймаш келечекте дагы кеңири масштабда өтүп, кыргыздын улуттук баалуулуктарын даңазалаган чоң салтка айланарына ишенебиз.

Иш-чаранын уюштуруучулары — Жаакер этно борбору, “Ак Демилге” коомдук фонду, “Ак Жоолук” коомдук фонду жана өнөктөштөр — бардык катышуучуларга, ата-энелерге, машыктыруучуларга, калыстарга, ыктыярчыларга жана колдоочуларга терең ыраазычылык билдирет.

#АкЖоолук #КөчмөнБалдары #УлуттукОюндар #Кыргызстан #Өспүрүмдөр #КыргызМаданияты

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген